Нарында жоголуп кеткен Бегимай Жалал-Абаддан табылды

15 декабря 2017 14:32 3926 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарында жоголуп кеткен 23 жаштагы Бегимай Кыргызстандын түштүк аймагынан табылды. Бул тууралуу басылмаларга Нарын областык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалымдалгандай, кыз ушул жылдын апрель айында энеси менен урушуп кетип Бишкекке иштегени кетип калган. Ошондон бери андан эч кандай кабар келген эмес. Сентябрь айында кыздын апасы арыз менен ички иштер органдарына кайрылып, ага издөө салынган. Бир нече ай өткөндөн кийин Бегимайды Жалал-Абад областындагы Таш-Көмүрдөн табышкан. Аныкталгандай, ал турмушка чыгып, эки баласы менен ал жакта жашап жаткан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9840



Добавить комментарий