Бек Борбиев: «Кыргыздын балдары шоопур болууну каалашат»

14 декабря 2017 10:04 4378 Barometr
Поделиться в:
ok

Эстрада ырчысы Бек Борбиев соцтармактагы баракчасында Түркиядагы достору жана тааныштары менен жолугушуу учурунда болгон окуяны бөлүштү.

Борбиевдин айтуусу боюнча жолугуушуда тааныштарынын бири, анын баласы дарыгер болорун билдирген.

«Менин балам Врач болот,- десе атасынын сөзүн жула баласы «жок, мен шоопур болом!» десе болобу. Эӊ кызыгы эч ким күлгөн жок, баштарын ийкеп тиги баланы ойлуу тиктеп калышты))»,-деп жазды ырчы.

 

Ырчынын мындай посту интернетте колдонуучулардын талкуусуна жол ачты. Колдонуучулардын пикири боюнча дагы, балдар азыр чоӊойгондо президент жана депутат болом деп айтпай калышкан, алар андан көрө шоопур болгон жакшыраак экенин билип калышты.

Эске салсак, коомчулукта шоопур кесиби боюнча түрдүү тамашалар, 2014-жылы президенттик аппараттын жетекчилигине Алмазбек Атамбаевдин мурунку айдоочусу Икрамжан Илмиянов келгенден кийин башталган. Атамбаев ал турсун, эгер Илмиянов өзүнүн «Шоопур» деген партиясын курса анда оӊойлук менен парламенттен өтсө болот деп тамашалаган.

Ссылка: https://barometr.kg/content9770



Добавить комментарий