Назира Айтбекова: Күйөө болбосо эки бутуңду аралатып салып ийчү жер жок үшүйсүң!

11 декабря 2017 13:14 24282 Barometr
Поделиться в:
ok

Теле алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн мырзалар, аял-эркектин мамилеси боюнча пикирин “Фейсбуктагы” баракчасына билдирди.

“Менин анализим боюнча күйөөсү барлар ишенимдүү "дерзко - дерзко" басып, башы жер карабай, албетте эри түзүк болсо, калканым бар. Ким не десе десин, каалаган богун жесин дейт! Эрден чыккандар баягыдай куйругун көтөрүп, сүткө тойгон мышыктай баспай калат. Жер карап, чүнчүп, батына албай. Эркектин баары "бойдок " десе эле шилекейи агып, бош, ээн жаткан гараждай көрүп, өлүп - талып унаасын короосуна токтоткусу келип, кебек аңдыган чычкандай, баскан турганы керемет көрүнүп, сүйүүсүн арнап калат. Калтардай кубулуп, самындай жуулуп эмне эле барктанып атасың деп Ден соолугуңа кам көрүмүш этип...иттин гана баласы! Аны байкаган аялдары сен келатканда " опасность " деген кнопкасы күйүп, эрин гаражыңа киргизип алгансып, акырайып, жек көрүп, жеп ийчүдөй. ..өзүнөн өзү тердеп - кургап, эринин көзү менен кокус чалдыга калсаң, өлтүрүп салчудай аңдып отурат. Түндөсү үшүйсүң. Тоңуп калганда эки бутуңду аралатып салып ийчү жер жок тоңосуң! Коколой башың менен жашоонун шамаалын, жамгырын, бороонун тозосуң! Болгон ыпыр - сыпырдын баары эле сага чап жабышат! Эриң барда билинбеген иттин баштары, бойдок кезиңде бөдөнө тумшук болсо да тоодой болуп көрүнүп калат! Анан "бойдок" деген сөз "клеймо" болуп жабышып алат экен. Ошол сөз жакса өлөйүн! Аны укканда эркектердин көзү күйүп, куйрукту түйүп, тегеренип калганы да ирээнжитет. Алардын "намёгу" башталганда аллергияң кармап, жешилип калгыча тырманып, приступ боло баштайсың. Өлүп баратабы деген ой келет. Тобо кылдым! #жөнэлеойлор #эркектер жакпай жүрөт #тобо #бойдокдегенсөзжакпайт”,-деп пикир бөлүштү Назира Айтбекова.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9652



Добавить комментарий