Депутат: Аида Салянованын инисин аткандар крим чөйрөнүн өкүлдөрү эмес

22 ноября 2017 14:55 4106 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 22-ноябрда, парламенттин жыйынында «Ата-Мекен» фракциясынан депутат Наталья Никитенко, Аида Салянованын иниси, белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн Улан Саляновдун туугандарынын сөздөрүнө шилтеме берип, кылмышкерлер жабыр тарткандарга «сиз» деп кайрылышкан деди.

"Маркумдун уулу жана аялы билдиргендей, кылмышкерлер, тапанча такап акча талап кылып жатканда аларга сиз деп кайрылышкан. Шылуундар болгондо өзүн мындай алып жүрүшмөк эмес. Бул кылмышты крим чөйрөнүн өкүлдөрү жасабаганы айдан ачык", - деп ишенет депутат.

Белгилесек, ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров, иликтөө ишинде саясий далил көрө албаганын, анткени кылмышкерлер Саляновдон акча талап кылганын билдирген.

Эске салсак, ушул жылы 6-ноябрда, Бишкектеги «Көк-Жар» жаӊы конушунда бет кап кийген белгисиз адамдар Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянованын инисин  атып кетишкен.

Иликтөөнүн маалыматына ылайык, ошол күнү саат түнкү экилерде Бишкекте Улан Саляновдун үйүнө бет капчан адамдар кирип келип атып кетишкен. Натыйжада 42 жаштагы  Улан Салянов каза тапкан. Окуя болгон жерге милиция келген.

Туугандары, үйгө бет капчан 3-4 киши кирип келип акча талап кылышкан деп айтышкан. Үйдүн кожоюну У.Салянов алар менен айтыша кетип, натыйжада аны атышкан. Бул учурда анын 17 жаштагы уулу качып кеткен, бирок кийинчерээк ал табылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content8994



Добавить комментарий