Кыздарды зордуктап, денесин эт өткөргүчтөн өткөргөн кылмышкер кармалды

30 октября 2017 15:50 10953 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада 31 жаштагы эркек кармалды. Ал адамдарды зордуктап, өлтүрүп андан кийин өлүк денени эт өткөргүчтөн өткөрүп салчу. Бул тууралуу Россиянын ИИМнин сайтына шилтеме берип басылмалар жазып чыкты.

 

 

13-октябрда Волгоград областынын тургундары көӊүл ачуучу жайдан кылмышка шектүү Александр Масленников менен чогуу сыртка чыгышкан. Ошондон тартып аларды эч ким көргөн эмес, кыздардын телефондору өчүрүлгөн.

Буга чейин Масленников зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү боюнча соттолгон. Колонияда 11 жыл жазасын өтөп май айында боштондукка чыккан. Бул тууралуу Волгоград областынын Иликтөө комитетинин сайтында маалымдалган.

Белгиленгендей, 18-октябрда ал Волгоград областынан чыгып кеткен. Ошол эле күнү Александрга эки жолку адам өлтүрүү боюнча издөө жарыяланган.

Кылмышкер Москвадан тааныштарынын үйүнөн колго түшүрүлгөн.

Каза болгон россиялык кыздар менен кылмышкер жергилктүү кафелердин биринде таанышкан, андан кийин ал аларды зордуктап өлтүргүн. Бул тууралуу «Московский комсомолец» кабарлады.

Ал эми кесилген өлүк денелерди Александр эт өткөргүчтөн өткөрүп жүрчү. Дагы бир версияларга таянсак, «эттерди» иттерге берчү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8195



Добавить комментарий