Назира Айтбекованын мурдагы жолдошу Искендер Шаршеев Эльвира аттуу кызга үйлөндү

5 октября 2017 12:04 10307 Barometr
Поделиться в:
ok

 Теле алып баруучу Назира Айтбекованын мурдагы жубайы Искендер Шаршеев  Эльвира аттуу кызга үйлөнүп үлпөт тоюн өткөрдү. Бул тууралуу анын иниси Алманбет Турдубеков Инстаграм баракчасына жарыялады.

 Ага чейин Шаршеев Sputnik Кыргызстан сайтына берген маегинде Назира Айтбекова тууралуу “Негизи биздин үй-бүлө курулгандан бери ар дайым келинчегимди колдоп келгем. Назира экөөбүз тогуз жыл чогуу жашадык. Бул убакыт аралыгында эч нерсеге өкүнгөн жокмун. Экөөбүз тең жаман жолго барган жокпуз. Бир гана элден ар түрдүү сын-пикир келип жатты. Бирок айта кетчү нерсе экөөбүз эки башка жолго түшкөнүбүзгө бир жылдай болуп калды. Анткени экөөбүз тең бири- бирибизге эркиндик берүүгө туура келди. Түрдүү кыйынчылыкта бирге жүрдүк, көп нерсе көрдүк, ынтымактуу үй-бүлө болдук. Азыр ортобузда сый-урмат бар”,-деп билдирген болчу.

Ал эми Назира Айтбекова: “Жолдошум үйлөнгөн. Өз жашоосу менен алек. Балам экөөбүз бакыт гана тилей алабыз. А өзүмө келсем...бир көңүл калган соң, турмуш жаңыртыш кыйын болуп калат экен. Сүйгөндөн, ишенгенден, турмуш кургандан корком. Анын үстүнө жаратым айыга элек. Уулум Ариет - жашоомо келген өзгөчө белек. Кулк-мүнөзү, сырткы келбети баары эле мага окшош го дейм. Ашыкча боорукер, берешен. Үйдө эмне болсо, досторуна ташыйт. Элдин баарын эле досум деп жан дүйнөсүнө киргизе берет. Апам карып кетпесин деп, жаштыктын эликсирин жасап берем дейт. Элди башка планетага көчүрүш керек. Бул планета жараксыз болуп калат дейт. Мурун жалгыз кыялданчумун. Азыр балам экөөбүз чогуу кыялданып, айтор дүйнөгө чабыт жасадык”, - деген  "bugupress.kg"  сайтына берген маегинде алып баруучу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7184



Добавить комментарий