Сапар Исаковго Стивен Сигалды ИИМдин министри кылып дайындоону сунушташты

19 сентября 2017 10:41 7013 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары өкмөт мамлекеттин маселесине караганда Голливуд жылдызы Стивен Сигалга өзгөчө эле көңүл бөлүп жатканын шылдыңга алышууда.

 Эскерте кетсек, буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр Сапар Исаков актерго жолукканын жана өкмөт башчы ага Кыргызстандын жарандыгын сунуштаганын айткан. Стивен Сигал Кыргызстандын өкмөт башчысынын сунушун кабыл алдыбы же алган жокпу такталууда.

“Андай болсо жарандык бергиле жана ал өлкөнүн өнүгүшү үчүн иштесин. Ички иштер министри кылып дайындагыла”,-деп жазды соцтүйүндүн колдонуучусу Бермет Букашева.

 Белгилей кетсек, буга чейин 2016-жылы Сигал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкан.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6423



Добавить комментарий