Өзбекстандын генералдары Шавкат Мирзиёевди Бишкекте өлтүрүүнү көздөшкөн, КРдин атайын кызматтары кылмышты токтотту

11 сентября 2017 17:26 23429 Barometr
Поделиться в:
ok

 Өзбекстандын коопсуздук кызматынан генералдары президент Шавкат Мирзиёевди Бишкекте өлтүрүүнү көздөшкөн, бирок Кыргызстандын атайын кызматтары бул кылмышты токтотуп кала алышты. Бул тууралуу Оздоган Өзбекстандын элдик кыймылынын сайтында жарыяланган  макаладагы белгилүү өзбек эксперти Усман Хакназаровдун айткандарына шилтеме кылып кабарлады.

 Эксперт Кыргызстандын УКМКсынын кабары боюнча 2-сентябрда "ИГИЛ”дин активдүу мүчөсүн кармашканын маалымдаган. Хакназаровдун айтымында террорчу Өзбекстандын президентине Бишкекке келгенде кол салмак болгон.

-Биз кармалган Д.С ИГИЛчи  эмес жергиликтүү мафиянын  катардагы диверсанты экени деп болжоп жатабыз. Ал жана анын тарапташтары Мирзиёев бир аз мурда Бишкекке жасаган иш сапарында кол салууну пландашкан.Уюмдун планы  Өзбекстандын коопсуздук кызматынын генералдары тарабынан иштелип чыкканы белгиленүүдө”,-деп айткан ал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6133



Добавить комментарий