Бишкекте “Бир сааттык күйөө бала” кызматы ачылды

6 сентября 2017 10:09 4380 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте той-салтанаттарда тейлөө көрсөтө турган жаш жигиттердин кызматы ачылды. Алар тойлордо мал союп, устукан тартап, келген конокторго эт тартат.Бул кызматтын аты “Бир сааттык күйөө бала” деп аталды.

 Белгилей кетсек, кыргыздын салты боюнча аялынын туугандарын сыйлаган ар бир күйөө бала өз милдеттерин билиши керек.

Жаңы кызматтын дареги: Советская,  70, Правда көчөсү менен кесилишет.

Бул арада социалдык түйүңдөр тейлөө кызматын колдооого алышууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте “Бир сааттык келин кызматы” ачылып, алар тойлордо тамак-аш жасап, идиш-аяк жууган кызматтарды көрсөтүшүүдө.

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5895



Добавить комментарий