Казакстанда бузулган автобустан кыргызстандыктар куткарылды
Поделиться в:
Казакстандын Ак-Төбө областында бузулуп калган микроавтобустан Бишкектен Россияга бара жаткан 8 адам эвакуацияланды.
Казакстандын Ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин басма сөз кызматы кабарлагандай 13-февралда саат 03:20да Иргиз районундагы Самара–Шымкент жолунун 1101-чакырымында микроавтобус бузулганы тууралу кабарлама түшкөн.
Микроавтобус Бишкектен чыгып Самара шаарына бара жаткан.
Автобустун ичинде 8 жүргүнү болгон, алардын жетөө кыргыз жарандары, бирөө Өзбекстандын жараны.
«Калыбай» пунктунун бригадасы аларга медициналдык көмөк көргөзүп, кыргызстандыктарды жылытуу пунктарына жайгаштырышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content11678
Добавить комментарий ×