3 жаштагы Аянаны дарылоого болгону 12 миң сом жетпей жатат

12 января 2018 17:45 2490 Barometr
Поделиться в:
ok

Гидроцефалия дартына чалдыккан 3 жаштагы Аянанын дарылануусун улантуу үчүн болгону 12 000 сом жетпей жатат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине наристенин энеси Гүлзада Шамшиддин кызы кабарлаган.

«Кызым Аяна Кожобекова 2015-жылы январь айында төрөлгөн. Аянага 8 ай болгондо ал катуу ооруп, эстен танган. Кийин дарыгерлер кызыма гидроцефалия деген аныктама коюшту. Кызыма тез арада операция жасалышы керек эле, бирок акчам жок болчу. Кийинчерээк, балдардын церебралдык шал оорусуна чалдыкканы аныкталды. 17-январда Аяна 3 жашка толот, бирок дале башын көтөрө албайт, өз алдынча тамак жей албайт, отура албайт. Өзүм батирде турам, 1-класста окуган уулам бар. Кызым ооругандыктан ишке чыга албай турам. Бардык кыргызстандыктарга жардам сурап кайрылып кетер элем»,-дейт ал.

Кичинекей наристеге жардам берүүнү каалагандар каалаган, колунан келген сумманы Элсомдун электрондук капчыгына жөнөтсө болот, телефон номери: 0771 707184.

Ссылка: https://barometr.kg/content10653



Добавить комментарий