Айчүрөк Иманалиева туулган күнүн кимдер менен белгилей турганын айтты

12 января 2018 17:30 4020 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн КРнын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиеванын туулган күнү.

Ырчы туулган күнүн көп жылдан бери үй-бүлөлүк карым-катнашта болуп келген жакын туугандары менен чогуу белгилей турганын barometr.kgге билдирди.

«Бүгүн мен үчүн кубанычтуу күн. Менин эле эмес балам Арлен кызым Аэлитанын дагы өздүк майрамы. Туулган күнүбүздү 20 жылдан бери үй-бүлөлүк карым-катнашта болуп келген жакын досторубуз менен биргеликте белгилейбиз»,-деди Айчурөк Иманалиева.

Белгилей кетсек, ырчы 1968-жылы 12-январда Талас облусуна караштуу Талас районунун Калба айылында туулган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10652



Добавить комментарий