Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринин санын көбөйтүү талап кылынды

12 января 2018 16:22 608 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 12-январда, «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлеринин жалпы саны 1228 адамды түзөрүн айтты.

"Алардын баары ИИМдин эсебинен жаңы кийим формасы менен камсыздалды. Орточо маяна дээрлик 20 000 сомду түзөт. Башкармалыктын жетекчилиги тарабынан, жеринде жеке курамдын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча сапарлар жасалды. 9-январдан тартып транспорт каражаттарын мажбур эвакуациялоо жана аларды атайын жайга жайгаштыруу, унаалар белгиленбеген жерге токтотулганы боюнча фактылар аныкталганда дөңгөлөктөрдү блокировкалоо боюнча иштер башталды»,-дейт чиновник.

Депутат  Дамирбек Асылбек уулу кызматкерлердин санын көбөйтүүнү сунуштады.

Ссылка: https://barometr.kg/content10649



Добавить комментарий