Жалал-Абадда чек арага жакын жерде мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

12 января 2018 14:56 532 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областынын Достук айылына жакын чек арачылары мамлекеттик чек ара тартибин бузган эки кыргызстандык жаранды кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

Бургунду айылынын жашоочулары Достукка келишкен жана мамлекеттик чек ара линиясынан 10 метр аралыкта мыйзамсыз балык уулоочулук менен алектенишкен.

Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 389-беренесине ылайык, кармалгандарга айыппул салынган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10645



Добавить комментарий