Муфтият зыяратчыларды ажыга жеткирүүчү авиакомпанияларга сынак жарыялады

12 января 2018 14:21 609 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы, Сауд Арабиясына ажыга ташуу үчүн авиакомпанияларды тандоо боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Белгиленгендей, сынакка катышууну каалоочулар 12-февралга дейре документтерин тапшырса болот.

Ажыга бара тургандарга ыңгайлуулукту жана халал-тамак-ашты камсыздай алган, буга катар учуу үчүн эң кичине сумманы сунуштаган компанияларга артыкчылык берилет. Ушул жылы 13-февралда өткөрүлөт. Муфтияттын маалыматы боюнча, ажыга зыяратчылар август айында жөнөшөт.

Сауд Арабаиясы жыл сайын Кыргызстан үчүн белгилүү бир орун берип келет. Мисалы, өткөн жылы Кыргызстандан 4760 зыяратчы ажыга барып келди. Ажыга баруунун баасы киши башына 2760 долларды түзгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content10644



Добавить комментарий