Кызды кардын үстүнө ыргыткан таластык жигит каттоого алынды

12 января 2018 13:23 4392 Barometr
Поделиться в:
ok

Милиция, белгисиз жигит күрөш ыкмаларын жасамыш этип кызды көтөрүп чапканы тартылган видеонун катышуучуларын аныктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Интернетке тараган видеодо, бала кызды көтөрүп четке чыкканы, кийин аны башы менен кардын үстүнө ыргытканы көрүнүп турат. Соцтармактын колдонуучулары мындайды эркектер жасачу төмөнкү жоруктардын бири катарында баалашып, наразылыгын көрсөтүшкөн.

ИИМ басма сөз кызматынын кызматкерлери окуя кай жерде болгонун, анын «каармандарын» аныктады. Демек, окуя Талас шаарындагы Ч.Айтматов атындагы аллеяда болгон.

"Видеодогу жигит 3 айдан кийин 18ге толот, ал эми кыз 2002-жылы туулгандыгы белгилүү болду»,-деп айтылат маалыматта.

Алар орто атайын окуу жайлардын биринде окушат, видеого аларды чогуу окуган курсташы тарктан. Алынган маалыматтарга ылайык, жаштар жөн гана ойноп-көңүл ачып жатышкан, кыз эч кандай жаракат алган эмес жана эч кимге дооматы жок.

Милицияга кыз менен баланын жана бул видеону жайылткандардын ата-энелери чакыртылып, административдик протоколдор түзүлдү. Чогултулган материалдар балдар иштери боюнча комиссиясына жөнөтүлдү. Мындан тышкары, чуу чыгарган видеонун «каарманы» профилактикалык каттоого алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10640



Добавить комментарий