Бишкекте 520 көчө шыпыргыч жолдогу карды тазалоого чыкты
Поделиться в:
"Тазалык" ишканасынын жумушчулары тротуарларга жана аялдамаларга өз убагында себүү үчүн кум-туздун аралашмасы бар кутулар менен челектерди орнотту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
Эми мындай кутулар шаар боюнча коюлуп чыгат, мындай нерсе көчө шыпыргычтарга ыңгайлуулукту жаратат. Азырынча 20дай ящик орнотулду. Бул багытта иштер улантылат.
Учурда ишкананын кызматкерлери штаттык режимде ишти улантып жатышат. Азыр жолдорго кум менен туздун аралашмасын төгүү боюнча жумуштар аткарылууда.
Эске салсак, «Тазалыктын» ишин Telegramда онлайн-режимде көрүүгө болот: https://t.me/mptazalyk
Ссылка: https://barometr.kg/content10621
Добавить комментарий ×