Кайрат Кыргыз кара кылды как жарып, ал эми комузчулар ыза болуп кайтышты

11 января 2018 15:38 3414 Barometr
Поделиться в:
ok

Жакында эле Казакстанда өткөрүлгөн элдик салттуу аспаптардын эл аралык сынагында Кыргызстанда 2 топ “Кыргыз көчү” комузчулар ансамбли жана 2 жигиттен куралган комузчу балдар катышты. Сынактын жыйынтыгында Кыргызстандан барган топ 1 жана 3-орунга ээ болуп кайтышты. Ал эми калыстар тобунда Кыргызстандын атынан ырчы Кайрат Кыргыз мүчө болгон. Ал эми интернет айдыңында Кайрат Кыргызды кыргыз комузчуларына төмөн баа койду деп нааразы пикирлерин билдиришкен.

“Кыргыз көчү” комузчулар ансаблинин жетекчиси Мастура Бердибекованын айтымында, калыс болуп барган Кайрат Кыргыз комузчуларга төмөн баа койгон.

“Жакында эле 4 күнгө созулган Алматыдагы элдик аспаптар боюнча өткөрүлгөн сынакта 3-орунду алып кайтты. Жалпы аталган сынакка 6 мамлекеттен 128 ден ашуун топ катышты. Биздин топ 3-орунду алдык. Комузчулар өнөрлөрүн тартуулап жатканда залда отургандар кол чаап, жакшы кабыл алып жатышты. Ар кайсы мамлекеттен 6 калыс катышты. Алардын баары бизге 9-10 деген бааларын беришти. Бир гана Кайрат Салмакеев 7 деген бааны көтөрдү. Биз абдан нааразы болдук. Комузчу балдар дагы ыза болушту”,-деди Бердибекова.

Ал эми калыстар тобунун мүчөсү Кайрат Кыргыз barometr.kgге буларга токтолду.

“Эл аралык сынак болгондуктан жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Кыргызстандын атынан мени бул сынакка калыстар тобунун мүчөсү болууга дайындашкан эле. Биздин өлкөдөн “Кыргыз көчү” комузчулар тобу жана 2 жигиттен куралган комузчу балдар катышып өз өнөрлөрүн тартуулашты. Эл арасында мени “сынакта кыргызстандык комузчуларды колдоонун ордуна төмөн баа койду” деп айтып жүрүшөт. Мен эч кандай төмөн баа койбодум. Калыс болгон соң өзүмдүн милдетимди так аткардым. Анын үстүнө бул сынакта 2 топ тең ийгилик менен кайтышып, алдыңкы орундарды алышты”,-деди Кайрат Кыргыз.

Ссылка: https://barometr.kg/content10607



Добавить комментарий