Судья Мавлян Аскарбековдун жактоочусунун өтүнүчүн кароосуз калтырды

11 января 2018 14:28 977 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 11-январда, Биринчи май райондук сотунун судьясы Эдиль Каипов жарандык активист Мавлян Аскарбековдун адвокатынын судьяны четтетүү боюнча өтүнүчүн кароосуз калтырды.

Жыйындын жүрүшүндө судья, буга чейин Аскарбековдун Дача-Суунун тургундарынын митингдери туурасындагы арызында башаламандыктарга карата чакырык болгон деп жыйынтык чыгарган серепчини кайрадан суракка алды.

Бирок адвокат каршылык көрсөттү, анткени анын пикири боюнча, судья жана прокурор серепчиге жетелеме суроолорду берген.

Судья анын каршылыгын макул тапкан жок. Жактоочу өз кезегинде, судьяны четтетүүнү суранды.

Эске салсак, мурун УКМК Мавлян Аскарбековго карата, бийликти күчтөп тартып алуу же конституциялык түзүлүштү күчтөп өзгөртүүгө чакырык таштаганы үчүн иш козгогон болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/content10602



Добавить комментарий