Эльвира Сурабалдиева ИИМ башчысын бизнести криминалдан коргоого чакырды

10 января 2018 14:34 1442 Barometr
Поделиться в:
ok

КСДП парламенттик фракциясынан депутат Эльвира Сурабалдиева, ички иштер министри Улан Исраиловду ишкерликти криминалдан коргоого чакырды. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасына жазган.

Анын айтымында, ал кечээ, 9-январда, комитеттин жыйынында министрге мындай өтүнүчүн чиновниктер аркылуу айттырган.

Демек, Сурабалдиева, колдонуучуларга жыйында кандай маселелер каралганын айтып берген. Ал, жыйын сыналгы аркылуу көрсөтүлбөгөнүнө өкүндү.

"Демейкидей эле күн тартибинде бир нече маселе каралды. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, вице-премьер менен биргеликте өнүгүү боюнча жаңы идеялар менен тааныштырышты. Статусту алмаштырып, департаменттин атын алмаштырууну чечишиптир. Эгер биз такталарды, айылдагы көчөлөрдүн атын алмаштырсак эле ал жакта жашоо жакшырып калчудай сезебиз. Ведомствонун жаш жетекчиси жана өкмөт башчы тарабынан алгылыктуу иштер жасалап жатканы талашсыз. Ошондой болсо дагы, ИИМ башчысына, эгер биз атамекендик ысык-көлдүк ишкерлерге коопсуздукту камсыздап бере албасак анда чет өлкөлүк туристтердин коопсуздугун кантип камсыз кыла алабыз, ушуну айтып коюуларын өтүндүм»,-деди депутат.

Депутат ошондой эле Польшадан келген турист менен байланышкан окуяны эске салды.

"Польшадан келген, биздин жигиттер тарабынан түнү зордуктоого аракет кылынган турист кыздын окуясын эстегилечи? Жергиликтүү РИИБси аларды кое бергени, ал эми кызды күнөөлүү деп тапканы өкүнүчтүү. Туризмди өнүктүрүү үчүн негизги нерсе бул коопсуздук да»,-деди Сурабалдиева.

Ссылка: https://barometr.kg/content10560



Добавить комментарий