Баланы сүзүп, аны унаасына отургузуп алып белгисиз жакка качкан «Жигулинин» айдоочусу изделүүдө

26 декабря 2017 21:06 10683 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 26-декабрда, саат 12.54тө Бишкектеги Ворошилов-Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде «Жигули» унаасынын айдоочусу болжол менен 7-10 жаштардагы баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу соцтармактарда журналист Надежда Хохлова билдирген.

Анын айтымында, бала бир нече аралыкка учуп барып башы менен жерге тийген.

"Айдоочу унаадан чыгып радиатордук торчонун сыныктарын тере баштаган. Кийин качууга аракеттенген. Күбөлөр анын унаасын сүрөткө тартып алышып, окуя жөнүндө МАИге кабарлашкан. Бул арада бала жаракаты катуу ооруткандыктан кыйкырып жаткан. Айдоочу болсо баланы арткы орундукка отургузуп аны жакын арадагы 5-ооруканага жеткирерин айткан. Анан ошол боюнча көздөн кайым болду! Унаанын номери (ВАЗ 2107) N 01КР 508 АББ, деңиз түстүү «Жигули».

МАИ кызматкери Нурлан (0702 99-99-97) телефон чалып окуя тууралуу териштирүү жүргүзө баштады. Кийин ал №3 балдар бейтапканасына, Акрамов клиникасына телефон чалды, №5 поликлиникага барып келди. Бирок бала эч бир жерде жок болуп чыкты. Мен азыр эле Нурлан менен сүйлөштүм. Ал, бала ошол боюнча табылбай калганын айтты. Мен андан чара көрүлүп жатабы деп сурасам кайра чаларын билдирди. Азыр телефонду албай жатат. ТЕЗ АРАДА баланы издеш керек. Тирүүбү ал, алган жаракатынан же кан көп кеткенден каза болуп деле калышы мүмкүн. А айдоочу болсо шок абалы менен аны жашырышы ыктымал. Кичи пейилдикке, бул билдирүүнү максималдуу түрдө бөлүшүп коюңуздар»,-деп чакырды Хохлова.

Ссылка: https://barometr.kg/content10203



Добавить комментарий