50дөгү кишиге он жаштагы кызын күйөөгө берели деп жаткан ата-энени полиция токтотту

23 декабря 2017 16:19 4458 Barometr
Поделиться в:
ok

Пакистанда 50 жаштагы эркек адам 10 жаштагы кызга үйлөнүү үчүн анын  ата-энесине 7 000 доллар берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Окуя Кирпи пакистандык провинциясында болгон. Полиция кызматкерлери нике келишими түзүлүп жатканда үйлөнүү тойдун 11 катышуучусун камакка алган.

Маалымдалгандай, 50 жаштагы күйөө бала полиция келгенде жашынып калган. Полиция азыркыга дейре аны издеп жатат.

Ал эми он жаштагы кыздын энеси, «күйөөмдүн операциясы үчүн насыяны төлөш керек болчу, ошон үчүн мындай кадамга бардым» деген.

"Менин жолдошум ооруп калган. Анан аны дарылоо үчүн таасирдүү адамдардан насыя алган элек. Күйөөм да мен да мындай ишке барууну каалаган эмеспиз. Айласыздан акчанын айынан ошол 50 жаштагы кишиге кызымды берели дедик. Күйөө бала эч кандай сеп албай турганын, тойго кеткен чыгымдын баарын өзү жабарын айткан»,-деди кыздын энеси Масмат Набиат.

Соттун чечими менен, кармалган тойдун катышуучулары камакка алынды. Аларга карата 3 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылышы мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/content10113



Добавить комментарий