Чубак Жалилов музей боюнча коррупционерлерге өлүм жазасын сунуш кылды

31 мая 2018 02:50 3237 Barometr
Поделиться в:
ok

Диний ишмер Чубак Жалилов тарых музейин жаңылоодогу коррупцияга аралашкандарды өлүм жазасына тартууну сунуш кылганын социалдык түйүндөрдө кызуу талкуулап жатышат. Диний чөйрөдө таасирлүү аалымдардын бири болуп саналган Чубак Жалилов жемкорлорду өлүм жазасына тартуу жөнүндө сунушун “Марал” радиосунда угармандар менен интерактивдик баарлашуу учурунда айтты: “Биз кыйынбыз го, "Орусияда ушундай экен, Европада мындай экен" дейбиз. Эмне үчүн Кытайды айтпайбыз? Мен Кытайдагы колун, башын кескен мыйзамын колдойт элем. Бул жерде мен – Чубак ажы молдо болгонум үчүн эмес, улуу Кытай кошунабызды мисалга тартып жатам. Кытайда ушундай практика бар экен, коррупция кылгандардын башын алышат экен. Биз да ошондой кылышыбыз керек. Чубак Жалиловдун айткандары жазылган видеотасма 27-майда "Youtube" порталына чыгып, эки күндө 15 миңден ашуун адам көрдү. Пикир жазган жүздөн ашуун колдонуучу анын демилгесин колдой тургандыгын билдирген. Кыргызстандын Баш мыйзамындагы өлүм жазасы жөнүндөгү жобого 1998-жылдан баштап мораторий жарыяланып, 2005-жылы Конституциядан алынып салынган. Анын ордуна өмүр бою абакка кесүү жобосу киргизилген. Аны ишке ашыруу мыйзамы 2007-жылы кабыл алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/chubak-zhalilov-tecin-boyuncha-korrupcionerlerge-lm-zhazasyn-sunush-kyldy



Добавить комментарий