Бурулайдын өлүмүнөн кийин Бишкекте миңден ашык студент кыздар акцияга чыгышты

6 июня 2018 22:20 2765 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы резонанс жараткан кыз ала качуунун кайгылуу окуясынын кийин, Бишкекте ала качууга каршы флешмоб уюштурулду

“Биз, жаштар - кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!” деп аталган флешмоб Enactus Кыргызстан уюму, Билим берүү жана илим министрлиги жана өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосунда уюштурду.

Акцияга Бишкектеги кесиптик билим берүү лицейлеринин, коллежд, жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, кыз ала качууну, кыздарды эрте турмуш курууга мажбурлоону токтотууга коомчулукту чакырышты. Бул флешмобду өткөрүүгө, 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлүшү түрткү болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/burulajdyn-lmnn-kijin-bishkekte-kyzdar-ala-kachuuga-karshy-akciyaga-chygyshty



Добавить комментарий