Бурулайдын өлүмү. Жети миң кыз-келиндер ала-качууну курмандыгы болгонун жазышты

8 июня 2018 20:00 2205 Barometr
Поделиться в:
ok

Коомдук ишмерлер менен чыгармачыл адамдар зомбулукка каршы. Бул тууралуу алып баруучу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

“Биз- өлкөнүн коомдук ишмерлери, чыгармачыл инсандары аялдарга карата колдонулган зомбулукка макул эмес экенибизди билдирдик. 3 күн ичинде бизге ала качуунун курмандыгы болгон окуяларды камтыган 7257 кат келди” деп жазды алып баруучу.

Ошондой эле ал, ала качуунун айынан оор тагдырга туш болгон айымдардан келген каттардын айрымдарын жарыялаган.

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын элесине арналган “Биз зомбулукка каршы!” акциясы  9-июнда, саат 13.00до өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/burulajdyn-lm-zheti-mi-kyz-kelinder-ala-kachuunu-kurmandygy-bolgonun-zhazyshty



Добавить комментарий