Бурулайдын өлүмү. Чүй милициясынын жаңы башкармалыгына кимдер дайындалды?

7 июня 2018 20:50 3311 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамына Чүй ОИИББнин башчысынын орун басарларын милициянын полковниги Бактыбек Нарчаев менен милициянын полковниги Айбек Ажыбаевди жана Чүй ОИИББнин Криминалдык милиция кызматынын башчысы, милициянын полковниги Айбек Осмоналиевди тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Сүйүн Өмүрзаков Чүй ОИИББнин өздүк курамына жетекчилерин тааныштырып жатып, дайындалган жетекчилерин мүнөздөмө берип жатып, мекен үчүн ак кызмат кылаарына ишеним көрсөттү.

“Тилекке каршы биз Жайыл РИИБнин аймагында болгон кейиштүү окуянын күбөсү болүп калдык. Кызматкерлерибиздин кайдыгерлигинен улам ата-энесинин үмүтү болуп, келечеги алдыда болгон жаш кыз каза болуп отурат. Бул окуя баарыңыздар үчүн сабак болду. Эми биздин алдыбызда ыкчам кызматтык милдеттерибизди аткарууга чоң жоопкерчилик турат. Мен баардык кызматкерлерди жарандардын кайрылуулары менен арыздарына өз убагында чара көрүүгө, ошондой эле жарандар менен сүйлөшүүдө өздүк курамдын кызматтык ишмердүүлүгүн так сактап сылык сүйлөшүүгө чакырам. Кылмыштарды алдын алууну жана резонанс жараткан кылмыштарды ачуу боюнча иштерди күчөтүүгө чакырам. Биздин негизги максатыбыз Кыргызстаныбыздын жарандарынын бейпилдигин жана коопсуздугун сактоо” деп белгилеп кетти.

Милициянын полковниги Нарчаев Бактыбек Нарбаевич- Чүй ОИИББнин ыкчам иштер боюнча башчысынын орун басары, болуп дайындалды.

Ал 1976-жылдын 8-июль күнү туулган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкек жогорку мектебин аяктаган. Алгач ички иштер органдарында кызматын Чүй облусунун Аламүдүн райондук ИИБнин Беш-Күйгөй МБПнын ыкчам өкүлү жана маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү болуп иштеген. Ар кандай жетекчилик кызматтарда: ИИМдин КИББдин бөлүмүнүн башчысы, Чүй ОИИББнин кылмыш издөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы, Чүй ОИИББнин КМКнын бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Милициянын полковниги Ажыбаев Айбек Жакшымбекович – Чүй ОИИББнин коомдук коопсуздук боюнча башчысынын орун басары болуп дайындалды. Ал 1971-жылдын 16-июнь күнү туулган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкек жогорку мектебин аяктаган. Алгач ички иштер органдарында кызматын Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынын милиционери болуп баштаган. Ошондой эле аймактык тескөөчү болуп эмгектенген. Ар кандай жетекчилик кызматтарда: Шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, Москва РИИБнин башчысынын орун басары, Тогуз-Торо РИИБнин башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин АБПнын башчысы, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин башчысынын орун басары жана башка кызматтарда иштеген. Милициянын полковниги Осмоналиев Айбек Калмурзаевич - 1979-жылы 5-январда туулган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын аяктап, алгач ички иштер органдарында кызматын Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, ага ыкчам өкүлү жана маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү болуп иштеген. Ар кандай жетекчилик кызматтарда турган: Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББнин бөлүм башчысы, башчысынын орун басары Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББдин башчысы болуп иштеген.

Эскерте кетсек, Чүй ОИИББнин кадрдык өзгөрүүлөрү Жайыл РИИБнин имаратында болгон адам өлтүрүү фактысына байланыштуу. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/burulajdyn-lm-chj-miliciyasynyn-zhay-bashkarmalygyna-kimder-dajyndaldy



Добавить комментарий