Бишкекте милиция кызматкери баңгизаты менен кармалды

29 мая 2018 02:20 1732 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы милиция кызматкеринен жана Чек ара кызматынын аскер кызматкеринен турган кылмыштуу топту аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операциясын ийгиликтүү аяктады.Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Апрель айынын башынан тартып Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Ленин РИИБдин КМКнын ага ыйгарымдуу өкүлү, милициянын лейтенанты Т.Т. менен Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын контрактык негизде иштеген катардагы аскер кызматкери К.К. аттуунун үстүндө иштеп келишкен.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 27-май күнү болжол менен саат үчтөр чамасында Бишкек шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чарасы жүргүзүлүп, 32 жаштагы Т.Т. аттуунун башкаруусундагы мамлекеттик номурлуу “Лада-Приора” үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Шектүүнү текшерүү учурунда барсеткасынан кочкул-күрөң түстөгү кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат салынган 2 даана ширенкенин кутусу табылган.

Бишкек шаарынын аймагында кошумча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 26 жаштагы К.К. аттууну кармашкан. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда кочкул-күрөң түстөгү кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат салынган 4 ширенкенин кутусу табылган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалисттик башкармалыгынын корутундусу менен алынган заттар 72, 87 граммды түзгөн каннабис смоласы “гашиш” болуп чыккан.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-miliciya-kyzmatkeri-bagizaty-menen-karmaldy



Добавить комментарий