Бишкекте маршруттук такси менен унаанын кагылышынан 3 киши жаракат алды

8 июля 2018 03:15 1689 Barometr
Поделиться в:
ok

Жол кырсыгы бүгүн, 7-июль күнү эртең менен, Киев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.        

 Маалыматка караганда, Киев көчөсү менен батышты көздөй бараткан №224 маршруттук таксиге  Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаа урунган. Кырсыктын натыйжасында олуттуу жаракат алган эки киши маршруттук таксинин, ал эми бирөө  жеңил унаанын жүргүнчүсү болгон. 

Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Бардык тийиштүү материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-marshruttuk-taksi-menen-unaanyn-kagylyshynan-3-kishi-zharakat-aldy



Добавить комментарий