Бишкек ЖЭБди модернизациялоо. Коррупциялык схеманын башкы скрипачынын жандалбасы

7 июня 2018 00:25 2020 4 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарга, андан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарына Бактыбек Жумашев деген жаран Бишкек ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу чаташкан маалыматтарды жарыялады. Жумашев өзүн Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиевдин жактоочусу катары тааныштырды. Бир караганда, логикага туура келбеген ар түрдүү жыйынтыктарды жарыялаган бул адамдын иш-аракетинде эч кандай деле өзгөчө нерсени көрбөйсүн. Анын үстүнө, Калиевдин ЖЭБди модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш ишинде коррупцияга шектелип, учурда УКМКнын тергөө абагында отурганын эске алсак, жактоочу өзүнүн айыпталуучусун коргоого укуктуу. Биринчиден, аны жактоочу деп атоого тилин барбайт. Себеби, жактоочулардын эң башкы принциби кардарына зыян келтирбеши керек. Ал, юристке уруксат берилген чектен ашып, журналисттердин атын атап, жалпыга маалымдоо каражаттарынын дарегине туура эмес сөздөрдү жазып, акыл-насаатын айтканга чейин барып, жада калса, жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөткөн. Мына ушул нерсенин баары журналисттер менен юристтерде көптөгөн суроолорду пайда кылды. Жумашевдин мындай аракеттери бир эле нерседен кабар берип турду- ал, тескерисинче, өзүнүн чагымчыл билдирүүлөрү менен Калиевге зыян келтирип жатты. Экинчиден, анын чаташкан жыйынтыктары Калиевдин ансыз да оор абалын женилдетүү максатын көздөгөн жок, тескерисинче, татаалдаштырып жатты. Ал жаңы фактыларды келтирген жок, Калиевдин пайдасына айтылган аргументтер аянычтуу жана ишеничсиз. Эч кандай жыйынтыктуу коргоо түзүмү жок. Жалаң гана кол салуу жана божомолдор болду. Ал кысымга алгысы келген Барометр сайтынын журналисти өзүнүн нааразычылыгын айткан билдирүүсүн социалдык тармактарга жарыялады. Андан соң редакцияга Калиевди жакындан билген адамдар чалып, бул болуп жаткан окуяга Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчисинин эч кандай тиешеси жок экендигин жана Калиев жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүү тууралуу эч кимден суранбаганын билдирди. Бир канча убакыттан кийин Калиевдин өкүлү редакция менен байланышка чыкты. Ал, Жумашевдин аракеттерине эч кандай жоопкерчилик албай турганын айтты. Ошондой эле, ал кылмыш иши боюнча башкы айыпталуучунун атынан иш алып барып жатканын кыйытып өттү. Белгилей кетсек, бул кылмыш иши боюнча башкы айыпталуучу катары Сапар Исаков каралууда. Ал ортодо, укук коргоо органдарынан Барометрге билдиришкендей, Жумашев Калиевдин кызыкчылыктарын коргобойт жана ал бир да суракта болгон эмес. Жумашевдин аракеттерине кайрылсак, бул боюнча иликтенип жатканын жана тийиштүү баа бериле тургандыгын укук коргоо органдарынан маалымдашты. “Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам журналисттерге кысым көрсөтүүго жол бербейт, мындай иш-аракеттер мыйзам менен тескелет”,- деп билдиришти УКМКдан. Медиаэксперт Авланбек Жумабаев, Жумашевтин аракеттеринен амалкөйлүк көргөнүн айтат. “Бул иште Калиевден башка көбүрөөк күнөлүү адам бар экенин деген чагымды таратып атканын мен да байкадым жана соцтарматктардан окугам. Чындыгында, Жумашевдин мындай кылыктары өзүнүн айыпталуучусун коргоонун жакшы жолу эмес, анан да, социалдык тармактарда журналисттерге кысым көрсөткөнү бул катачылык”,- деген оюн айтты медиаэксперт.

Кылмыш ишиндеги башкы айыпталуучу ушундай жол менен коомчулукту адаштырууга жана тергөөнү чаташтырууга аракет кылып жатат. Себеби, буга чейин Бишкек ЖЭБдеги авариянын келип чыгуу себептерин иликтеген депутаттык комиссия чындыкты таап чыгып, 5 жыл мурунку окуянын ирээтин калыбына келтирген. Ошондой эле, Сапар Исаков, Айбек Калиев жана Салайдин Авазов сыяктуу чиновниктердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү ачыктаган.

Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны иликтөө боюнча депутаттык комиссия кандай болсо да чындыкты аныктап чыгып, 5 жыл мурда болгон окуялардын хронологиясын калыбына келтирди жана ар кандай деңгээлдеги чиновниктердин ортосунда болгон сүйлөшүү иштеринин бетин ачты.  Kaktus.mediaнын журналисттери тарабынан расмий документтердин негизинде түзүлгөн хронологияда баардык көмүскө иштер ачылып эмне болгону белгилүү болду.   2013-жылы Сапар Исаковдун президентке жазган каты элге жарыяланды. Иликтөө чоң резонансты пайда кылды, коррупцияга байланышкан чатак кызыды. Бул жерде беш ай ичинде айрым жогорку даражалуу чиновниктер жашырууга аракет кылган көптөгөн маанилүү фактылардын бети ачылды Barometr.kgнин редакциясы хронология боюнча бул иште чиновниктердин кимиси кандай роль ойногонун жана кимди күнөөлүү кылууга аракеттенишкенин изилдеп чыкты. Хронология боюнча Бишкек ТЭЦин жаңылоо жөнүндө демилге “Электр станцияларынын” башчысы Салайдин Авазов (балким бул анын идеясы да болушу мүмкүн) тарабынан көтөрүлгөнү айкын көрүндү. Ал биринчи болуп Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовго кат жазат. Ал жылуулук станциясындагы абалды баяндап жана Бишкек ТЭЦин жаңылоо зарылдыгы тууралуу жүйөлөрдү келтирет. Андан соң ал ушул эле катты президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковго жөнөтөт. Бул жерден көптөгөн суроолор келип чыгат. Эмнеге өкмөткө таандык болгон компаниянын башчысы Мамлекеттик мүлктү көзөмөлдөө фондунун башчысына жана өкмөткө кайрылбай, президенттин аппаратынын бөлүм башчысына кат жазат. Бул бөлүм энергетикалык тармакка жооп бербейт, бул өкмөттүн прерогативасы. Ал тургай сөз инвестиция тартып келүү тууралуу болуп жатса да кат биринчи кезекте Тышкы иштер министрлиги менен өкмөткө жолдонушу керек болчу. Башкача айтканда кат иерархиянын баардык тепчиктерин басып өтүшү керек эле, бул үчүн бизде тиешелүү мамлекеттик органдар түзүлгөн. Ошого карабай “Электр станцияларынын” башчысы бөлүм башчы Сапар Исаковго кат жазат. Ал өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаевге кызматтык кат жазат, анда кытай тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп койгонун, ал эми кытайлыктар баа сунушун айтканы дагы кошумчаланат. (кыйын жигиттер экен, качан үлгүрүшкөн?) Бул жерден дагы бир катар суроолор пайда болот. Биринчи кезекте, эмне үчүн бөлүм башчы ТЭЦти жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эмнеге ал мындай чечимге келди?  Бул маселе өкмөттүн иши экендиги тууралуу фактыны эске алганда анын укугу бар беле деген суроо туулат.

Андан соң жомоктогудай болуп ТЭЦти жаңылоого инвестицияны кандайча тартып келиш керектиги тууралуу сунуштар айтылат. Мамлекетте акча жок болчу, ал эми Кытайдын ТВЕА  компаниясы акча эмес өз кызматын сунуштаган. Башкача айтканда мындай болгон жагдайда мамлекетте акча жок туруп эле, ал иш аткаруучу издеп жатат. Логика кайда?

Цивилизациялуу өлкөлөрдө адгенде инвестиция тартып келишет, андан кийин гана иш аткаруучуну издей башташат. Ал эми ТЭЦте баары тескерисинче болгон, иш аткаруучуну табышкан, ал болсо акчаны кайдан алууну айткан. Бул нормалдуу көрүнүшпү? Жок, бул факты абдан олуттуу  суроолорду пайда кылат.

Анткени бул жерде кээ бир компаниялардын кызыкчылыгын коргоо жөнүндө сөз болуп жатат. Бул жерде мамлекет эмес, компаниялар долбоорду ишке ашырууга кызыкдар болушкан, тактап айтканда көп миллиондук келишимдер зарыл болгон иш аткаруучу компаниялардын кызыкчылыктары болгон. Жана алар Кытайдын каржы институттарынан насыя алууну сунуш кылышкан. Бул жерде Кытай дагы ойлонушу керек, анткени улуу держава кимдир бирөөнүн көп жүрүштүү комбинацияларындагы чынжырчага айланып калган. Мындай нерсени улуу империя жактыра койбосу анык.

Дагы башка маселе-кытайлыктар даяр баа сунушун кайдан алышты. Анткени каржы шарттарын даярдаш үчүн техникалык параметрлер зарыл, тактап айтканда алардын колунда Бишкек ТЭЦинин  техникалык абалы боюнча маалымат болуш керек. Белгилүү болгондой, жылуулук станциясы стратегиялык объект жана тиешелүу уруксат болбогон учурда стартегиялык объектинин техникалык абалы тууралуу маалыматты чет элдик компанияга берүү улуттук коопсуздукка коркунуч болуп эсептелет. Бул тыңчылык. УКМК буга кандайча жол берди.   

Сүйлөшүүгө келели. Жогоркуда аталган сүйлөшүү баскычында Авазав менен Сапар Исаков биргеликте иштегени байкалып турат. Ошондой эле Калиевдин да иши бар, бирок ал тууралуу кийин сөз болсун. 

2013-жылы 9-апрелде Авазов президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысына, өкмөттү кыйгап өтүү менен кат жазат, ал эми бөлүм башчы өз кезегинде 2013-жылы май айынын ортосунда президентке кат жолдойт. Анан калса Сапар Исаков кимди тартып келүү керектигин да сунуштайт. Сапар Исаковдун катында дагы бир маанилүү учур бар-ал катта 390 млн доллар деп көрсөткөн, ал эми Авазовдун катында 396 млн доллардык цифра көрсөтүлгөн. Эмне үчүн мындай ар кандай цифра көрсөтүлүп жатат. Авазов компаниялар менен жолуккан эмес, анда ким жолугуп бул компанияларды кароодон өткөргөн? Кайсы критерийлер боюнча аларды тандап алышты?

Чарба иштерин дипломаттар чечип калган учурда

Андан соң президент өкмөткө кайрылбай туруп Энергетика жана өнөр жай министрлигине тапшырма берет. Эмнеге? Анткени Сапар Исаковдун катында аталган министрликке тапшырма бериңиз деп жазылган. Бул министрликте бир аз мурда министрди кызматтан алышкан. 22-апрелде Автандил Калмамбетовду кызматынан алышат. Эмнеге? Эски министр Автандил Калмамбетов эмнеси менен жакпай калды, анын тушунда СМЕС, ТВЕА, "Интер РАО” менен сүйлөшүү жүрбөдү беле. Анан калса анын тушунда сүйлөшүү процесси аяктап калган, бир аз гана жумуштар-компанияны тандоо жана документти тез арада бүтүрүү калган. Балким Калмамбетов кийинчерээк көп миллион доллардык долбоорду алган компанияны тандаш үчүн кимдир бирөөгө тоскоол болгондур. Тагдыр чечерлик сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда министрлерди алмаштыруу сейрек болот. Ал эми бул убакытта Кыргызстанда бир ай бою энергетика министри дайындалбай турган, министрдин милдетин бир ай бою Айбек Калиев аткарган.

Бир ай бою-Сапар Исаков, Айбек Калиев, Салайдин Авазов жана ТЭЦ боюнча сүйлөшүүлөр

2013-жылы 22-майда Энергетика жана өнөр жай министри болуп Осмонбек Артыкбаев дайындалган. Жана жаңы министр жумушу менен тааныша электе эле, ишке келгендин экинчи күнү, 24-майда президент Сапар Исаковдун каты боюнча ТЭЦти модернизациялоо тапшырмасын берет. Артыкбаев бул ишти өзүнүн орун басары Айбек Калиевге табыштайт.   

Бинго, пасьянс түзүлдү. ТЭЦ  боюнча кайрадан  Сапар Исаков, Айбек Калиев  жана Авазов иштей баштайт.

2013-жылы 28-майда Артыкбаев министр болгонуна беш күн өткөндөн кийин министрлер жыйын өткөрүп ТВЕАнын сунушун карашат. Жыйынды Айбек Калиев өткөрөт. Артыкбаев ТВЕАнын сунушун артка кайтарса болот беле? Мүмкүн эмес эле, биринчиден тапшырма жогору жактан берилген, бул жерде президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы аракет кылган, анан калса Калиев менен Авазов Артыкбаевге баш тартууга жол бермек эмес. Чечим жамааттык негизде кабыл алынган. Анан калса анын министрликке келгенине беш гана күн болгон. Андан кийин иш аз эле калган - болгону процедуралык учурлар эле, министр президентке жана өкмөт башчыга мамлекет башчысынын тапшырмасы менен президенттин аппаратынын позициясын эске алуу менен ТВЕАнын сунушун кабыл алганын жазат. Андан кийин жетекчилик өз макулдугун берет. Андан соң өкмөт башчы тиешелүү тапшырманы берет. 4-июлда “Электр станциялары” 390,2 млн көлөмүндөгү ТВЕАнын баа сунушун кабыл алуу боюнча токтомду кабыл алат. Май айында эле Сапар Исаков президентке жазган катта 390 млн доллар тууралуу сөз болгон. 200 миң кайдан чыгып калды. Дагы дал келишпей жатат. 2013-жылы Энергетика министрлиги долбоордун баасын 386 млн долларга чейин арзандатууну макулдашат. Долбоордун баасы төрт миллион долларга арзандайт, кимдир бирөөнүн үлүшү баары бир азайып кетти да.

Күнөөсүз күнөөлүүлөр. Сатыбалдиев, Артыкбаев жана  Лаврованын ролу кандай болгон?

Дагы арзандатууга болот беле, Артыкбаев жагдайды өзгөртүшү мүмкүн беле?

Андай болбойт эле, ага чейин эле баары сүйлөшүлгөн жана президенттик аппаратынн деңгээлинде чечилген, ага болгону кызматтык милдетин орундатууга гана уруксат беришкен. Анда эмне үчүн комиссинын айрым мүчүлөрү Артыкбаевди күнөөлүү кылгылары келип жатат жана ал кандай документтерге кол койгон. Эч кандай.

ТЭЦти жаңылоо боюнча ТВЕА менен болгон келишимге “Электр станцияларынын” башчысы Салайдин Авазов кол койгон. Авазов министрлерди кыйгап өтүп бул келишимге кол кое алат беле? Ооба анткени компаниянын акциялары ал кезде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна таандык болчу. ММБФ өз кезегинде буга макулдук берген.

Кол койбоптур, колдоо кылбаптыр, кызматка сүйлөшүүлөр жүрүп бүткөндөн кийин келиптир. Балким модернизацияга катышкандыр. Жок Артыкбаевди 2014-жылдын соңунда кызматтан алышкан. Эмнеге? Жообу эң жөнөкөй 2014-жылдын декабрь айынан баштап модернизациялоо иштери башталган.   
Артыкбаевдин ордуна Кубанычбек Турдубаевди дайындашкан жана бир нече айдан соң Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюп салышкан. Улуттук энергохолдинг түзүлүп, “Электр станцияларынын” акцияларын жаңы компанияга беришет. Жаңы энергохолдингдин башчылыгына албетте, ошол эле Айбек Калиев дайындалат. Модеринизация башынан аягына чейин Калиевдин жетекчилигин аркасында өткөн. Дал ошол Калиевдин ТЭЦке сатып алынган кычкачтар жана башка сатып алуулар боюнча маалыматы болгон.
Лаврова менен эмне болгон?
Эксимбанктан насыя алуу келишимине келе турган болсок, бул маселенин Энергетика министрлигине тиешеси болгон эмес, аны Каржы министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги жүргүзгөн. Документке Каржы министри Ольга Лаврова кол койгон.
Ал кол койбой кое алат беле? Жок анте албайт болчу. Документ парламент тарабынан мыйзам сыяктуу кабыл алынган, министрдин колу жөн гана формалдуулук.
Документке кол койгон үчүн ал жоопкерчилик алабы? Ооба. Бирок инвестиция тартып келүү боюнча саясатка ала албайт. Анткени чечим жогорку деңгээлде кабыл алынган. Лаврова эч нерсени чечкен эмес.
Көп миллиондук иштер жасалып жатканда Сатыбалдиев кайда болгон?
 
Комиссиянын айрым мүчөлөрү ТЭЦ боюнча маселени чечкен маанилүү фигураларды жоопкерчиликтен атайын алыстатыш үчүн ТЭЦти модернизациялоо жоопкерчилигин экс-өкмөт башчы Жанторо Сатыбалдиевге жүктөөгө аракет кылышкан. 
Сатыбалдиев кандай роль ойногон? Эч кандай, хронологияга таянсак, баардык иштер өкмөт башчыны кыйгап өткөн. Ал кезде өлкөдө өкмөт башчы болбогон сыяктуу эле. Бирок  ал маанилүү фигуралардын бири болчу.    
Бишкек ТЭЦин жаңылоо боюнча каржылык схема атайлап эле өкмөт башчыдан алыс өткөн, анткени Сатыбалдиев татаал саясатчы катары көп нерселерди башкача чечип коймок, басым кыла турган күчтөр өкмөт башчынын колунда ал кезде жетишерлик болчу. 
Анда беш айдан ашык убактан бери бул аткаминерлердин күнөөсүз күнөөлүүлөр кылып жатышат.  
Жалаа жаап, 386 миллион долларды уурдап алышты деп айыпташууда.Эмнелерди гана айтышкан жок. Ал тургай эстегенден уяласың, ал эми бул чиновниктер өздөрүнүн күнөөлүү эмес экенин билип туруп ага чыдоого мажбур болушту.      
Алар тараптан реалдуу жагдайды айтууга болгон аракет жоопкерчиликтен качуу аракетиндей кабыл алынды. Бул элдин кыжырына ого бетер тийди. 

Адамдардын сезимине ким манипуляция кылган?

Бул абдан сабаттуу ойнотулган маалыматтык саясат болгон. 

Мындай жол менен ТЭЦти модернизациялоонун артында турган коррупциялык схемаларды кылышкандар өздөрүнө пайда боло турган шектенүүдөн алаксытышкан. 

Бул үчүн тролл деп аталган адамдардын армиясын жалдашкан, алар өздөрүнүн жасалма аккаунттары менен Артыкбаев, Сатыбалдиев, Лаврова жана башкаларды жамандап турушкан. Айрым ЖМКлар муну дароо кармашкан, комиссиянын кээ бир мүчөлөпү отко май тамызышып, атайлап эле “Бишкек ТЭЦин модернизациялоо” деп аталган кылымдын аферасынын артында турган аесуз, принциби жок жана абдан амалкөй чновниктерди коргоп чыгышкан.

Көшөгө артында ишти жолго койгондор суудан кургак чыгыш үчүн Артыкбаевди, Сатыбалдиевди жана Лавровны элге жаман көргөзүшкөн.

 Акчага троллдорду жалдашкан, алар бул мурдагы чиновниктер тууралуу алар ууру деп жазып бериш керек болчу. Бул анекдот эмес. Беш ай бою уланган реалдуулук.    Ооба, уурулар түрмөдө отурушу керек, бирок түрмөгө чиновниктердин колу менен жалданма тролдордун көмөгү менен адамдардын сезимине ойногон  чыныгы уурулар отурушу керек.

Бишкек ТЭЦтин модернизациялоонун хронологиясы

Ушундан кийин 2012-жылы 26-сентябрда Кытайдын «СМЕС» мамлекеттик компаниясынын өкүлдөрү Бишкек ТЭЦи менен объекти модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун алкагында таанышып чыгышты.

2012-жылы 28-ноябрда СМЕС “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна модернизациялоо боюнча техникалык тапшырманы сунуштады.

2012-жылы 3-декабрда “Электр станциялары” СМЕСтен каржылык шарттарды жазып берүүнү сурады.

2012-жылы 6-декабрда “Электр станциялары” менен СМЕСтин ортосунда кызматташтык жөнүндө протоколдун долбооруна кол коюлду.

30-январдан 4-февралга чейин Тайырбек Сарпашев вице-премьер болуп турган учурда Кытайдын насыясын алуу боюнча, анын ичинде Бишкек ТЭЦин жаңылоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүш үчүн Кытайга барат.

2013-жылы 1-февралда “Электр станциялары” менен ТЭЦти модернизациялоо боюнча кызматташтык жана кытай насыяларын тартып келүү боюнча меморандумга кол коюлган.

Кытайдын эксперттери ТЭЦти модернизациялоону изилдеп чыгууга макулдашат. Энергетика жана өнөр жай министри болуп бул учурда Автандил Калмамбетов дайындалган.  СМЕС менен бир катарда эле “Электр станциялары” Кытайдын башка компаниясы болгон ТВЕА менен сүйлөшүү жүргүзөт.

2013-жылы 13-февралда “Электр станциялары” СМЕСтен кат алган, анда мындан ары компаниянын атынан Казакстандагы компаниянын өкүлүнүн башчысы Ербол Етекбай сүйлөшүү жүргүзөрү айтылган. Ал өз кезегинде СМЕС  койгон бир нече шартты сунуштайт, анда айтылат: ·        Кытайдын каржы институттары тарабынан 10 жылдык мөөнөткө насыя берүү; ·        тапшырык берүүчүгө долбоордун баасынын 15 пайызын алдына ала төлөп берүү; ·       электр энергиясын экспорттоодон түшкөн акчаны күрөөгө кармап туруу.  Үчүнчү пунктта “жарыла турган мина” бар болчу, Кытайдын СМЕС компаниясы Кыргызстандын Казакстанга электр энергиясын экспорттоосун талап кылган, ал эми түшкөн каражат күрөө катары алардын эсебине которулуп турмак.  Кийинчерээк ЖМКда СМЕСтин өкүлү Ербол Етекбаевдин банк насыяларына байланышкан алдамчылыкка карата козголгон кылмыш ишинин негизинде Казакстанда кармалгандыгы тууралуу байланышкан чатак кызыган.  Ошого карабай CMЕС менен сүйлөшүүлөр улантылган. 

2013-жылы 20-февралда “Электр станциялары” техникалык сунуштун иштелип чыккан вариантын алган. Бирок документтин каржылык бөлүгү болгон эмес.   

2013-жылы 7-мартта “Электр станцияларынын” башчысы Саладин Авазов Энергетика жана өнөр жай министри  Автандил Калмамбетовго кат жазып, анда СМЕС, ТВЕА жана Россиянын "Интер РАО" компаниясы Бишкек ТЭЦин модернизациялоого кызыкдар экенин  жана баардык компаниялар менен меморандумга кол коюлганын маалымдаган.   Ошондой эле катта Кытай тараптын насыя берүүгө даяр экенин эске алуу менен жеңилдетилген насыяга колдоо көрсөтүүнү суранычы да жазылган.

2013-жылы 13-мартта Энергетика министринин орун басары Айбек Калиев “Электр станциялары” ачык акцонердик коомуна 25-мартка чейин Бишкек ТЭЦин жаңылоо боюнча долбоордо конкреттүү механизмдерди жана инвесторлорду тандоо критерийлерин иштеп чыгуу өтүнүчү менен кат жөнөтөт.

2013-жылы 20-мартта ТВЕА “Электр станцияларына” Бишкек ТЭЦин медренизациялоо боюнча техникалык сунушту жөнөтөт, ошондой эле компания Кытайдын “Эксимбанкынын” жеңилдетилген насыясын алууга алдын ала шарттарын айтат.

26-мартта ошол кезде өкмөт башчы болуп турган  Жантөрө Сатыбалдиев Энергетика министри Автандил Калмамбетовго ТЭЦти жаңылоо боюнча сунушту берүүнү тапшырат.

2013-жылы 9-апрелде  “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башчысы Салайдин Авазов Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовго, ошондой эле президенттин аппаратынын эл аралык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун атына кат жазып Бишкек ТЭЦин модернизациялоо сунушу жөнүндө маалымдайт. Ал компания долбоорду акыркы аягына чейин ишке ашырууну сунуштап жатканын белгилейт. Авазов “Электр станцияларын ТВЕА компаниясы менен кызматтыштык жөнүндө маселеде колдоого алууну өтүнөт.

2013-жылы 19-апрелде  “Электр станцияларынын” башчысы Салайдин Авазов Энергетика министри Автандил Калмамбетовго кат жазып өкүлдөр Бишкек ТЭЦине келишкенин компаниялардын ортосунда орток пикир табылса келишимге кол коюуга даяр экенин айтат. Ошондой эле   ТВЕА Кыргызстандын өкмөтү Бишкек ТЭЦин жаңылоого ШКУнун линиясы боюнча Кытайдын каржы институттарынан жеңилдетилген насыя ала ала турганын айтканы маалымдалат.

Ушул эле катта Кыргызстанга июнь айында Кытайдын башчысы келе турганы жана контрактык келишим даяр болсо “Датка Кемин” келишиминдей документке кол коюуга боло турганы айтылат. Авазов Калмамбетовдон Бишкек ТЭЦин жаңылоого насыя алуу маселесин өкмөттүн жыйынына алып чыгууну суранат.

2013-жылы 26-апрелде “Электр станцияларынын” өкүлдөрү жана ТВЕАнын өкүлдөрү жумушчу жолугушуу өткөрүп, Бишкек ТЭЦин модеринизациялоо долбоорун ишке ашыруунун техникалык жагын талкуулашат жана компаниялар ортосунда контрактык келишим түзүлүп кала турган жагдайда кандай параметрлер керектелерин сүйлөшөт.

2013-жылы 29-апрелдеТВЕА “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна каржы шарттарын жана 396 млн доллардык баа сунушун сунуштайт жана ошондой эле компания техникалык сунушун берет.   Документ тиркелет.

2013-жылы 4-майда Кытайдын элчилиги Кытай өкмөтүнүн атынан КРнын Тышкы иштер министрлигине кат жөнөтөт. Анда Кытай ТВЕАны Кытайдын компанияларынын арасында Бишкек шаарынын ТЭЦин жаңылай турган жалгыз аткаруучу катары сунуштары айтылат. Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министри дагы эле Автандил Калмамбетов болуп турган.

2013-жылы май айынын ортосунда президенттин аппаратынын тышкы саясат жана каржылык экономикалык анализ боюнча бөлүмдөрүнүн башчылары Сапар Исаков  жана Нурсулу Ахметова президенттин атына ТЭЦти модернизациялоо боюнча долбоордун алкагында кандай жумуштар аткарылып жатканы тууралуу кеңири баяндаган кат жөнөтүшөт. Анда өздөрүнүн баа шарттарын айткан үч компания: СМЕС, ТВЕА  жана  "Интер РАО" менен  маселе чечилип жатканы  айтылат. Интер РАО - 518 млн доллар, ТВЕА -  бааны арзандатуу мүмкүндүгү менен 390 млн долларды сунуштап жаткан белгиленет. Баа сунуштарына келе турган болсок, чиновниктер жазган катта Россиянын компаниясы башка компанияларга караганда кымбат сунуш айтып жатканы экени белгиленет.    ТВЕАнын сунушу боюнча 2013-жылы 13-майда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүндө КЭР менен КРнын соода өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө Кытай тарап ТВЕА тарабынан сунушталып жаткан долбоордун баасын арзандатуу мүмкүндүгүн кабарлашканы дагы катта көрсөтүлгөн. Бул катта ТВЕА  “Электр станциялары” көрсөткөн документтеги 396 млн. доллардан айырмаланып 390 млн долларды сунуштап жатканы дагы баяндалган.

Чиновниктерлин жазган катында жакынкы убакытта Кытайдын башчысынын Кыргызстанга жасй турган сунушун эске алуу менен Бишкек ТЭЦин модеринизациялоо жана реконструкциялоо боюнча жеңилдетилген насыяны алуу иштерин баштоо керектиги дагы белгиленет. 

Катта ошондой президенттен Энергетика жана өнөр жай министрлигине, андан тышкары “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна долбоордун баасын арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тапшырма берүүнү суранышат.

2013-жылы 24-майда президент Энергетика жана өнөр жай   министрлигине долбоор боюнча сунушту карап чыгып жана сунуш алып келүү тапшырмасын берет. Президенттин тапшырмасына президенттик аппараттын бөлүм башчыларынын жогоруда аталган каты дагы тиркелет.

Бул учурда Энергетика жана өнөр жай министрлигине Осмонбек Артыкбаевдин дайындалганына эки күн болгон.  Жаңы дайындалган энергетика министри бул тармакты көзөмөлдөөнү орун басары Айбек Калиевге тапшырат.

2013-жылы 28-майда президентин аталган тапшырмасына ылайык Энергетика жана өнөр жай министрлигинде  министрдин орун басары Айбек Калиев тарабынан даярдалган жыйын болуп, анда ТВЕАны жалгыз иш аткаруучу катары сунуштаган Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин сунуштамасын, президенттин тапшырмасын, президенттин аппаратынын катка жазылган позициясын эске алуу менен ТВЕАнын сунушун кабыл алуу чечими чыгарылат.

Жыйындын стенограммасы (стиль жана орфография сакталды):

"Жыйында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев президентин аппараты ТВЕА менен сүйлөшүү жүргүзүү тапшырмасын бергенин, Кытай Бишкек ТЭЦинин модернизациялоо боюнча жалгыз иш аткаруучу катары компанияны сунуштап жатканын айтты.   “Электр станцияларынын” башчысы Салайдин Авазов ТВЕАнын сунушу көбүрөөк ылайыктуу экенин жана аны кабыл алуу зарыл экенин айтты.  “Электр станцияларынын” башчысынын орун басары  Абдылда Исраилов  модернизация керек экенин, анткени акыркы 10 жылда эле 100 млн доллар ремонт иштерине кеткенин белгилеп өттү. “Электр станцияларынын” башычысынын орун басары  Назаров ТВЕАнын сунушу кабыл алынса, бардык документтерди ШКУнун саммитине чейин даярдоо зарыл экенин белгиледи. Ал Россиянын компаниясы сунуштап жаткан 512 млн  доллар кымбат экенин, ал эми ТВЕА ТЭЦтин ишмердигине чыгым алып келбеген долбоорду сунуштап жатканын кошумчалады. “Электр станцияларынын” башчысынын орун басары Аскарбек Кайбалиев Каржы министрлиги “Эксимбанк” менен өкмөт Бишкек ТЭЦин жаңылоого насыя алышты пландап жатканын жана “Электр станциялары” ААКына насыя бериш үчүн жеңилдетилген насыяны 2,5 пайызга чейин арзандатуу жөнүндө ишти карап жатканын белгиледи.   ТЭЦтин башчысы Андрей Воропаев жаңылоо иштери абдан зарыл экенин, жабдуулардын 70-75 пайызы эскиргенин айтып жана жаңылоо сунушун колдоду.   Бөлүм башчылар Орозалиев менен Стамалиев да ТВЕА менен кызматташууну колдоого алышты. Тарифтер боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Айдарова насыяны кайтарып берүүнү тездетиш үчүн бааны кымбаттатуу зарылдыгы боюнча маселени кароо керектигин айтты.   Анын жыйынтыгы менен ТВЕАнын сунушун көбүрөөк ыңгайлуу сунуш катары кабыл алып, ТЭЦти реконструкциялоо жана насыя алып келүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу,  долбоордун баасын арзандатуу жана келишим долбоорун иштеп чыга турган ведомстволор аралык топ түзүү чечими кабыл алынды.   2013-жылы 30-майда Энергетика жана өнөр жай министри  өкмөт башчынын жана президенттин атына кат жолдоп, ТВЕАнын сунушун кабыл алуу боюнча “Электр станцияларынын” позициясын колдошконун маалымдайт.   Чечим Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жыйынында ведомство жетекчилеринин, “Электр станцияларынын” жана башка жоопкер тараптардын катышуусунда кабыл алынган.  (Кол койгондордун тизмеси. Документтин өзү) 2013-жылы 5-июнда жогору турган бийликтин жетекчиси өзүнүн макулдугун билдирет жана Энергетика министрлигине, Каржы министрине, КРнын Тышкы иштер министрлигине, “Электр станцияларына” андан аркы ишти уюштурууга тапшырма берет. 2013-жылы 10-июнда Кытай Кыргызстандын ТИМине кайрадан нота жөнөтөт жана Кытай ШКУнун линиясы боюнча жеңилдетилген насыя берилип калган учурда ТВЕАны жалгыз иш аткаруучу катары сунуштарын билдирет.   2013-жылы 27-июнда “Электр станциялары” менен ТВЕА жолугушуп Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо иштери эл аралык стандарттар менен болууга тийиш экендиги тууралуу чечимди кабыл алышат.  2013-жылы 4-июлда “Электр станциялары”  компаниянын токтому менен ТВЕАнын 392 млн доллар көлөмүндөгү сунушун кабыл алат, тактап айтканда, ТВЕАнын сунушуна макул болот.  2013-жылы 5-июлда Энергетика министрлиги ТВЕА менен 386 млн долларга чейин бааны арзандатууга макулдашат.   Бул кандай болгон: 5-июлда эртең менен Энергетика жана өнөр жай министрлиги ведомствонун ”Электр станцияларынын” жана Бишкек ТЭЦинин жетекчилигинин катышуусу менен жыйын өткөргөн.  Стенограмма (стиль жана орфография сакталды) Жыйындын маалында  “Электр станцияларынын” башчысы  Салайдин Авазов ТВЕА менен болгон сүйлөшүүнүн жүрүшүндө долбоордун баасы  390, 5 млн  долларга чейин арзандатылганын белгилеп өттү. Калиев  сүйлөшүүнүн башкы максатына жетишилгенин- баанын арзандатууга макул болушканын белгилеп өттү.   Өкмөттүн жарлыгынын тиешелүү долбоорун даярдоо жана макулдашуу кажет. Жыйындын соңунда келишим долбоорун 2013-жылдын 9-июлуна чейин даярдоо чечими кабыл алынды. Жыйын аяктагандан кийин Кытайдын делегациясынын  ТВЕАнын өкүлдөрүнүн, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.   Жолугушууда  Артыкбаев “Электр станциялары” менен Бишкек ТЭЦинин адистери алдын ала эсепти карап чыгышып ТВЕА  компаниясынын ишмердүүлүк масштабын, ошондой эле жаңылоо ишинде компания өзүнүн жабдууларын колдонорун эске алуу менен, реконструкциянын баасын арзандатса болот деп эсептешерин айтып долбоордун баасын арзандатууну талап кылды.   Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар долбоордун баасын 386 млн долларга чейин төмөндөтүүгө макулдашты.   2013-жылы 8 июлда КРнын өкмөтүнүн тиешелүү жарлыгы чыкты.  Өкмөттүн жарлыгына ылайык ТВЕА менен долбоорду каржылоо шарттарын сүйлөшүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.  2013-жылы 11-июлда башкы дирекция ТВЕАнын 386 миллион доллар сунушун кабыл алууга макул болгон токтом чыгарат.  Ушул эле күнү ведомстволор аралык комиссия “Электр станциялары менен ТВЕАнын ортосундагы контрактык келишим долбоорун колдойт.   2013-жылы 16-июлда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Электр станцияларынын” акцияларын кармап туруучу катары контрактык келишимге макул болот жана компанияга келишимге кол коюу укугун берет. 2013-жылы 16-июлда ТВЕА менен “Электр станцияларынын” ортосунда 386 млн  доллларлык контрактык келишимге кол коюлат. 2013-жылы 26-июлдаАйлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Бишкек ТЭЦин жаңылоо боюнча экологиялык экспертизанын оң бүтүмүн берет. Эми Бишкек ТЭЦин модернизациялоого кандайча насыя алуунун тарыхы. 2013-жылы 10-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине  бир күн калганда парламенттин тиешелүу комитеттери Кыргызстандын өкмөтүнүн "Эксимбанктан" жылына 2 пайыздык үстөк менен 386 миллион доллар жеңилдетилген насыя алуусу боюнча келишим долбоорун колдойт жана анын негизинде Кыргызстандын өкмөтүнүн тиешелүү буйругу чыгат. 2013-жылы 11-сентябрда Эксимбанктын насыя келишимине Кыргызстандын өкмөтүнүн атынан Кыргызстандын каржы министри менен Кытайдын каржы министри кол коет. Андан кийин келишим парламент тарабынан мыйзам катары эле ратификацияланган. 2013-жылдын соңунда мыйзам кабыл алынгандан кийин долборду ишке ашырууга даярдык көрүүнү башташкан. Жаңылоо 2014-жылдын соңунда гана башталган. Жаңылоо иштери жана колдонууга берүү 2017-жылы автугстта толук аяктаган.   Модернизациялоонун алкагындагы жаңы ТЭЦтин курулушуна “Электр станциялары” жана “Улуттук Энергохолдинг” түздөн-түз жооп берген.  Жаңы ТЭЦти модернизациялангандан кийин колдонууга өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссия кабыл алган.    

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-zhebdi-modernizaciyaloo-korrupciyalyk-shemanyn-bashky-skripachynyn-zhandalbasy



Добавить комментарий

  • Сиздин үйдө же түш унаасын сатып алуу үчүн, өз долбоорлорду ишке ашыруу үчүн, өз карызын жардам үчүн, мен 500 EURO жана 9000000дон EURO, кредит же каржылоо насыя сунуш ким мага электрондук кат кызыккан адам үчүн 3% пайыздык чен менен, аны төлөй албай, кимдир бирөө эмес, олуттуу канды. Биз менен байланыш Mail: nastyamironova180@gmail.com Whatsapp: +1 (407) 815 0956
  • Сиздин үйдө же түш унаасын сатып алуу үчүн, өз долбоорлорду ишке ашыруу үчүн, өз карызын жардам үчүн, мен 500 EURO жана 9000000дон EURO, кредит же каржылоо насыя сунуш ким мага электрондук кат кызыккан адам үчүн 3% пайыздык чен менен, аны төлөй албай, кимдир бирөө эмес, олуттуу канды. Биз менен байланыш Mail: nastyamironova180@gmail.com Whatsapp: +1 (407) 815 0956
  • Сиздин үйдө же түш унаасын сатып алуу үчүн, өз долбоорлорду ишке ашыруу үчүн, өз карызын жардам үчүн, мен 500 EURO жана 9000000дон EURO, кредит же каржылоо насыя сунуш ким мага электрондук кат кызыккан адам үчүн 3% пайыздык чен менен, аны төлөй албай, кимдир бирөө эмес, олуттуу канды. Биз менен байланыш Mail: nastyamironova180@gmail.com Whatsapp: +1 (407) 815 0956
  • Они предлагают реальные деньги людям, которые искренне и честно нуждаются в деньгах на какие-то личные и деловые цели. Мы рады, что способны осуществить свои мечты за самую большую сумму, которая точно нужна. , Это плата за стоимость обработки / происхождения Наши деньги застрахованы и будут доставлены страховкой на ваш банковский счет в течение 48 часов, применяя их. Покажите нам имя с вашим интересом по электронной почте e-mailwaveeykegtjvfdcvc780@gmail.com