Бардык айдоочулар жол кыймылынын эрежеси боюнча кайрадан тест тапшырышы мүмкүн

13 июня 2018 23:45 10382 Barometr
Поделиться в:
ok

"Жол кыймылынын эрежелери боюнча айдоочулардын бардыгы кайрадан тест тапшырыш керек"- деп сунуштады депутат Айнуру Алтыбаева бүгүнкү 13-июндагы Жогорку Кеңештин олтурумунда. Анын айтымында авариялардын көбү айдоочунун айдоо маданиятын сактабагандыгы жана жол кыймылынын эрежелерин билбегендигинен улам чыгууда дейт. 

 Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев депутаттын сунушун колдоп, учурда жол кыймылынын эрежелери тууралуу нормативдүү базанын үстүндө өзгөртүүлөрдү  иштеп жаткандыгын айтты. 

Ссылка: https://barometr.kg/bardyk-ajdoochular-zhol-kyjmylynyn-erezhesi-boyuncha-kajradan-test-tapshyryshy-mmkn



Добавить комментарий