Ассоль Молдокматованын уулу Жан сүйгонүнүн колун сурады

9 июня 2018 20:20 4810 Barometr
Поделиться в:
ok

Бий чөйрөөсүндө белгилүу ролду аткарып жаткан, MDA заманбап бий Академиясынын Президенти Ассоль Молдокматова менен Александр Воиновдун уулу Жан Воинов сүйгөн кызына шакек салды.
Асссоль Молдокматованын Facebook баракчасында берген маалыматына караганда, кыз менен жигит 4 жашынан бери бир-бирин тааныйт. “Татынакай, акылдуу Заля, Зарина – менин уулум Жандын тандоосу. Алар бала кезден эле тааныш, ошондон бери жакшы көрүшүп жүрүп, чоңойгондо укмуштуудай сезимдерди пайда кылышса керек. Уулуңдун келинчеги болот деген сезим кызыктуу да өзгөчө да болот экен. Эң башкысы эки жаш бир-бирин сыйлап, бактылуу болушуна тилектешмин” – деп, жазган Ассоль айым.
 
Ал эми Жандын сүйүктүүсү Зарина Алмасова, колуна салган шакек менен түшкөн сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасында жарыялады. 

Фото: Kaktusmedia.


Ссылка: https://barometr.kg/assol-moldokmatovanyn-uulu-zhan-sjgonnn-kolun-surady



Добавить комментарий