Албек Ибраимовго карата кылмыш иши козголду

31 мая 2018 00:10 2861 Barometr
Поделиться в:
ok

“ТНК Дастан” ААК ишенип берилген мүлктү ири көлөмдө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

28-майда УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.

“Такталган маалыматтар боюнча 2012-жылдын январь айында «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» ЖЧК башкы директору Асыл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 АКШ доллары суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткизүү тууралуу келишим түзгөн. Мында ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 АКШ доллары суммасында белгиленген. Өз кезегинде «ТНК Дастан» ААК мурунку кызматкери жетектеген «Дастан Инжиниринг» ЖЧК Украинанын мамлекеттик хозрасчеттук компаниясы менен дагы келишим түзүп, аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 АКШ долларына сатып алган (партияны алып келүүгө 49 миң АКШ доллары сарпталган). Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.Муну менен «ТНК Дастан» ААК жана «Дастан Инжиниринг» ЖЧК ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген”,-деп маалымдашты УКМКдан.

Белгилей кетсек, «Дастан Инжиниринг» ЖЧК 30% үлүшү ошол учурда «ТНК Дастан» ААК тиешелүү болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/albek-ibraimovgo-karata-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий